Жаңылыктар
Төрт эм жана алардын ата-энеси жаңы батирге киришти
Кыргызстан жаңылыктары
Төрт эм жана алардын ата-энеси жаңы батирге киришти

Бишкек шаарында төрөлгөн төрт эм жана алардын ата-энеси жаңы батирге киришти. Буга чейин Мамлекет башчысынын атынан жаш үй-бүлөгө турак жай алуу үчүн 2 млн сомго сертификат берилген. Эске салсак, 25-февралда Азамат Сманов жана Рысмат кызы Нурайымдын үй-бүлөсүндө 4 эм жарык дүйнөгө келген. Жубайлар 3 жылдан бери Бишкек шаарында ижарага алган батирде жашап келишкен. Мындай чоң эки бөлмөлү батирге Смановдордун үй-бүлөсү жакында эле ээ болду. Ал эми ымыркайлар үчүн да атайын бөлмө бар. Учурда төрт эмдин ата-энеси аны ырастоо менен алек.

Смановдордун үй-бүлөсү буга чейин батирди ижарага алып келген. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн катары толукталып, төрт эм төрөлгөндө батир маселеси да чечилди. Мамлекет башчысы тарабынан жаш үй-бүлөгө турак жай алуу үчүн 2 млн сомго сертификат тапшырылган. Батирдин ичин оңдоп-түздөөгө баардык аракет жумшалганын айтат, жаш үй-бүлөнүн атасы. Алар жаңы өргөгө көчүп келгендерине 10 күн гана болду. Төрт эм үй-бүлөнү куттуктап Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев да ымыркайлар үчүн атайын өзгөчө белектерди ала келген. Президенттин фонду тарабынан жаш үй-бүлөгө турак жай алуу маселеси чечилсе, өкмөт муктаждыктарына 150 миң сом бөлгөн.