Жаңылыктар
Жалал-Абадда жаңы жол пайдаланууга берилди
Аймак
Жалал-Абадда жаңы жол пайдаланууга берилди

Жалал-Абаддын Манас көчөсүндө узуну 510 метрди  түзгөн жаңы жол пайдаланууга берилди. Ачылышына  жергиликтүү эл катышты. Жолдун эни 8 метр, эки жээгине 2 метрдеги тротуар кошулду. 

Аталган жол Достук жана Спутник кичи райондорун байланыштыруучу негизги жолго альтернатива иретинде курулду. Эки чоң чөлкөмдө 40 миңдей эл жашайт. Быйыл аталган калаада 7 чакырым жолго асфальт төшөө мерчемделген. Калаада 258 чакырым ички жол, 36 көчө бар. Шаарда 100 миңден көп эл жашайт.