Жаңылыктар
Кыргызстандык ажыларды Меккеде ташый турган акысыз автобустар ишке киришти
Дин
Кыргызстандык ажыларды Меккеде ташый турган акысыз автобустар ишке киришти

Кыргызстандык ажыларды Мекке шаарында ташый турган акысыз автобустар ишке киришти. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, Кыргызстандан барган зыяратчылар Мекке шаарынын Дауар Кудей районундагы сегиз жатаканага бекер жайгашып, ажылыкка чейинки ибадаттарын аткарышууда.

"Ажылар үчүн уюштурулган автобустар айланма жол аркылуу мейманканадан ыйык Кааба мечитине алып барса, эми калган автобустар Кааба мечитинен өз амалдарын аткарып чыккан ажыларды мейманканаларга жеткирет", - деп айтылат билдирүүдө.

Муфтияттын быйылкы жылдагы ажылыкты уюштуруу штабы ажылыктын эсебинде каралган каражаттын негизинде "Рабитатул Макка" ишканасынан автобустарды 25 күнгө ижарага алган.

Автобустар ыйык Кааба мечитине күнү-түнү тынымы жок каттап, кыргызстандык ажыларды ташып турат. Бул кызмат ажылык иштерин жакшыртуу максатында быйыл экинчи жолу уюштурулуп жатканы айтылды. Эскерте кетсек, быйыл Сауд Аравия Кыргызстанга 6010 орун бөлгөн.