Жаңылыктар
ФИФА "The best 2019" сыйылыгына талапкерлердин ысымдарын атады
Спорт
ФИФА "The best 2019" сыйылыгына талапкерлердин ысымдарын атады


Эл аралык ФИФА футбол уюму социалдык тармакта “The best 2019” сыйлыгына талапкерлердин катарына кирген футболисттердин атын атады. Жылдын жыйынтыгы менен мыкты оюнчулардын катарына Криштиану Роналду, Френки де Йонг, Маттейс де Лигт, Эден Азар, Гарри Кейн, Садио Мане, Килиан Мбаппе, Лионель Месси, Мохамед Салах жана Вирджил ван Дейк кирди. Жеңүүчүнү тандоодо 2018-жылдын 16-июлунан 2019-жылдын 19-июлуна чейинки футболисттин  жетишкендиктери каралмакчы.

Сыйлыктын ээсин эксперттерден түзүлгөн комиссия, интернет колдонуучулар, спорт боюнча журналисттер, ошондой эле улуттук топтордун машыктыруучулары менен капитандары карап чыгышат. Сыйлыктарды тапшыруу аземи Миланда 23-сентябрда өтөт.