Жаңылыктар
Сузак районунда жаштар үчүн жумуш орундары түзүлүүдө
Аймак
Сузак районунда жаштар үчүн жумуш орундары түзүлүүдө

Сузак районун Ырыс айыл өкмөтүндө кыш чыгарган завод ачылып, 20 жаңы жумуш оруну түзүлдү. Заводдун суткасына 15 миң тонна даяр продукция чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар. Курулушка 16 миллион сом каражат сарпталган. Жабдуулар Кытайдан алынып келинген. Бышкан кыш Ош, Баткен облустарына сатылат.
"Иштейм деген жаштарга өзүбүздүн жерде деле иштер толтура. Болгону каалоо керек. Мен да буга чейин сыртта көп жылдар бою мигрант болуп жүрдүм. Айылымда ушул завод ачылып, келинчегим экөөбүз тең жумушка орноштук. Үч балабызды багып жатабыз",- дейт жумушчу Паша Текеев.