Жаңылыктар
Ала-Бука районунда заманбап мал союучу жай ишке кирди
Аймак
Ала-Бука районунда заманбап мал союучу жай ишке кирди

Ала-Бука районунда ЕАЭБдин талаптарына жооп бере турган заманбап мал союучу жай ишке кирди. Бул учун  ишкер «Айыл-чарбасын каржылоо-5» долбоорунун негизинде 7 млн. сом насыя алган. Курулушка жалпы 14  млн. сом каражат сарпталган. Касапканадагы жаңы технологиянын жардамы менен эт эл аралык стандарттын  талаптарына жооп бергидей шартта кайра иштетилет. 

Цех Ала-Бука районун гана  эмес, Аксы, Чаткал  райондорунун калкын да тейлет. Күнүнө 40 баш бодо мал, 200дой майда жандыкты кабыл алуу мүмкүнчүлүгү бар.  Эт менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында 50 фермер менен келишим түзүлгөн. Ишкана продукциясын Өзбекстанга экспорттойт. 

Сатып алуучу кардар менен ай сайын 20 тонна эт чыгарууга макулдашылган. Бирок, ишкер,  кардарларга жеткирүүдө көйгөй бар экенин айтат. Экспорттук продукция Ала-Букадагы чек ара өткөрмө  бекетиндеги экономикалык коридордун жоктугунан Ош шаарындагы «Достук» чек ара өткөрмө бекети аркылуу  жөнөтүлөт, ортодогу аралык 500 чакырым.