Жаңылыктар
Кара-Сууда логистикалык борбор ачылды
Аймак
Кара-Сууда логистикалык борбор ачылды

-

Ош облусунун Кара-Суу районунда жашылча-жемиштерди кайрадан иштетүүчү консолидациялык борбор ишке  кирди. Логистикалык борбордун муздаткычынын сыйымдуулугу миң тоннаны түзөт жана 20 тонна жашылча-жемишти кайрадан иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Мында айыл-чарба продукциясын кабыл алгандан кийин, аны жууп-тазалоодон тартып, иргеп, таңгактоо процесстери жүрөт. 

Соңку 2 ай аралыгында борбор 200 тонна продукцияны Орусия, Казакстанга экспорттогонго  жетишкен. Сырьёну камсыз кылуу максатында, дыйкан, багбандар менен келишим түзүлгөн. Борбордун ээси кошумча 40 гектар аянтка карлик тибиндеги бактарды тиккен. Ал 2 жылдан кийин түшүм бере баштайт.