2016-жылдын аягына чейин маданиятты сактоо жаатында мамлекеттик маанидеги улуттук программа кабыл алынат. Бул тууралуу Улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү боюнча кеңештин экинчи жыйынында айтылды. Эске салсак, 25-апрелде аталган кеңештин мүчөлөрү экинчи жыйынга чогулду. Отурум президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы астында өттү.
Жыйын жүрүшүндө улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү багытындагы мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясаттын негизги багыттары тууралуу вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева баяндама жасады. Ошондой эле кеңештин биринчи жыйынында кабыл алынган иш-чаралардын аткарылышы тууралуу да кошумча маалымат берилди. Өз кезегинде президент Алмазбек Атамбаев, келечек муундарга мектеп жашынан тарта бул багыттагы билимин калыптандыруу зарылдыгын белгиледи. Бул тууралуу отурумдун катышуучусу, улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин мүчөсү Кыяс Молдокасымов “Биринчи радиого” билдирди.
Аталган Кеңештин мүчөлөрү маданият тармагы, мамлекеттик тил, кыргыз тамгалары жана башка маселелер боюнча пикир алышуу болуп, алар бир катар сунуштарын ортого салышты. Тарых илимдеринин доктору, профессор Тынчтык Чоротегин алыскы Баткен аймагындагы тарыхый эстеликтердин абалына токтолду. Анын айтуусунда, Кара Тоо тоосундагы аска бетиндеги сүрөттөрдү талкалап, аларды курулуш иштерине пайдаланып жатышат.
Ушул жылдын аягына чейин маданиятты сактоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын бул жылдын аягына чейин кабыл алып , анын негизинде маданиятты өнүктүрүү жана өзгөртө турган, жаңылануу программасын кабыл алуу зарылдыгы белгиленди. Ошол эле учурда мамлекеттик маанидеги атайын улуттук программаны иштеп чыгуу тапшырмасы да берилди.
Талкуунун аягында кеңештин биринчи жыйынында алынган иш-чаралар планынын аткарылышы тууралуу өкмөттүн маалыматы бекитилди.