Жаңылыктар
Москвадагы мигранттардын балдары орус тил ийримин аякташты
Мекендештер
Москвадагы мигранттардын балдары орус тил ийримин аякташты

Мигранттардын балдары мектепке чейинки билим берүү боюнча орус тил ийримин аяктады. Жеткинчектер класста жана көчөдө өзүн алып жүрүү эрежелерин, түстөр менен жыл мезгилдерин үйрөнүштү. Бул нерселер жөнөкөй болгону менен, кыргыз айылдарынан жаңы келген балдар үчүн өтө маанилүү.

Эсиңиздерде болсо, май айында мигранттардын 1-класска бара турган балдары жаңы окуу жылына кантип даярданат, орус тилин кантип үйрөнөрү тууралуу репортаж даярдаган элек. Тажрыйбалуу мугалим Роза Адышеванын демилгеси менен балдар үчүн атайын ийрим ачылган. Жаңы келгенде балдар, орусча апа, ата деген сөздөн башканы билбей келген. 3 ай окуган соң, эмне үйрөнгөнүн айтууга ашыгып, тартынчактыктан кадимкидей арылыптыр. Жаңы окуу жылында балдар, Москванын мектептерине барат. Бул күндөрү ата энелер, керектүү документерди чогултуу менен алек.

Мектепке чейинки билим берген мезгил аяктап, бүтүрүү аземине даярданган балдар. Мугалимдердин да толкунданып турган чагы. Ыр, бий, табышмактар. Балдар өзүнө жүктөлгөн милдетти мыкты аткарышты. Пушкиндин тилин үйрөнүү барына эле оңой олтоң болгон жок, бирок, акылы зирек балдар бат кабылдайт. Күн сайын жаңы сөз менен таанышып, мугалимдер белгилегендей, мектепке барганда мындан да жакшы үйрөнүүгө жол ачылат. Бирок, медалдын экинчи бети да бар, өзүнүн эне тилин унутуп калуусу толук мүмкүн. Мындай учурлар да аз эмес.
Ийримди аяктагандыгы боюнча атайын сертификатты, балдар Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловдун колунан алды. Балдардын ийгилигин куттуктап келген демөөрчүлөр, мектепке көтөрчү сумкаларды беришти. Элчи белгилегендей, Кыргызстандан келген мигранттар кайсы шаарда көбүрөк болсо, ошол жерге ушундай ийримдерди ачуу пландалууда.