Жаңылыктар
Бишкек шаарында жол кырсыгы катталып, эки адам жабыркады
Кырсык
Бишкек шаарында жол кырсыгы катталып, эки адам жабыркады

Бишкек шаарында мотоцикл менен «Хонда Фит» унаасы кагышкандан кийин эки жигит жабыркады. Алардын абалы орточо оор. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Кырсыктын кесепетинен 25-24 жаштагы эки жигит жабыркады. Бирөө нейротравматология бөлүмүнө, ал эми экинчиси травматология бөлүмүнө жаткырылды. Экөөнүн тең баш мээси чайкалган», - деп айтылат маалыматта. 

Кечээ, 1-августта саат болжол менен 22:30 чамасында «Сария» кафесинин бет маңдайында, тактап айтканда Сухэ-Батор көчөсүндө мотоцикл менен «Хонда Фит» унаасы кагышкан.