Жаңылыктар
Мамкаттоонун мурдагы жетекчиси Алина Шаикова УКМКга суракка чакырылды
Коррупция
 Мамкаттоонун мурдагы жетекчиси Алина Шаикова УКМКга суракка чакырылды

 Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы   жетекчиси Алина Шаикова 5-августка чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине сурак берүүгө келбесе ага издөө жарыяланат. Бул тууралуу   УКМКнын басма сөз кызматы “Биринчи радиого”  билдирди. 

Аталган  ведомствонун Тергөө башкы башкармалыгы жаңы муундагы  паспортторду  даярдоо боюнча кызматты сатып алуудагы коррупция фактысы  боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын, «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын, Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин кызматкерлерине карата козголгон кылмыш иш боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жатат. 

Кылмыш ишине шектүүлөрдүн  бири — Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрайымы Алина Шаикова  бир нече жолу суракка чакырылган.

Эгер  5-августка чеймн суракка жана башка тергөө иштерин жүргүзүүгө келбесе, ага издөө жарыяланары  белгиленди.