Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков: "Мекендештерибиздин өлкөнүн өнүгүүсүнө кошо турган мүмкүнчүлүгү жогору"
Мекендештер
Сооронбай Жээнбеков: "Мекендештерибиздин өлкөнүн өнүгүүсүнө кошо турган мүмкүнчүлүгү жогору"

"Биздин мекендештерибиздин өлкөнүн өнүгүүсүнө кошо турган мүмкүнчүлүгү абдан жогору". Мындай пикирин Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 2-августта, Президенттин алдындагы Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин биринчи жыйналышында айтты. Президент жыйындын катышуучуларына жылуу саламын айтып, ар бир мекендешибиздин чет жерде жүрүп жетишкен ийгилиги - элибиздин ийгилиги экенин айтты. Ошондой эле ал күнүмдүк тиричилик менен гана алек болбой, улуттук дөөлөтүбүз болгон бай тарыхыбызды, маданий мурасты жайылтууга салым кошуп жаткан мекендештерге ыраазычылык билдирди. 

Президент, мекендештердин сунушу менен Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча атайын кеңеш түзүлгөнүн айтты. Кеңештин курамы 42 кишиден турат. Анын негизги максаттары - мамлекеттик органдар жана мекендештердин ортосунда эффективдүү диалог аянтчасын түзүү, мекендештердин өлкөгө кайтып келүүсүнө өбөлгө түзүү, мекендештерди Кыргызстандын өнүгүү процесстерине тартуу, буга мүмкүнчүлүк берүүчү механизмдерди иштеп чыгуу, алдыңкы технологияларды, тажрыйбаны жана билимди трансфер кылууга көмөк көрсөтүү. 

Ошондой эле, миграция ар бир үй-бүлөнү камтып, инсандын өсүшүнө, коомдун жана өлкөнүн өнүгүүсүнө таасирин тийгизип жатат. Мамлекет башчысы белгилегендей, бул жагдайларды эске алуу менен, өнүгүүнүн так багыттарын аныктоо талап кылынат. Ал үчүн тез аранын ичинде негизги үч милдет аткарылууга тийиш. Алар: мамлекет тарабынан мекендештердин мыйзамдуу түрдө макамы бекитилип, аларды таануу, мекендештерди тартууга багытталган укуктук, социалдык жана экономикалык механизм жана инструменттерди иштеп чыгуу жана мекендештер менен болгон кызматташууну, өз ара алаканы күчөтүү.

Жыйынга диаспоралык уюмдардын өкүлдөрү да чакырылган. Ошондой эле, Өкмөт мүчөлөрү, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөр, элчилер жана консулдар катышууда.