Жаңылыктар
Балбан Айсулуу Тыныбекова XXIII эл аралык "Poland Open" турнирине катышат
Спорт
Балбан Айсулуу Тыныбекова XXIII эл аралык "Poland Open" турнирине катышат

Балбан Айсулуу Тыныбекова XXIII эл аралык "Poland Open" турнирине катышат. Бул туурасында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.

Ага ылайык, турнир 2-4-август күндөрү Варшава шаарында өтөт. Мелдеште өлкө атынан 62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова катышмакчы. Спортчуну машыктыруучусу Нурбек Изабеков коштоп барат. Командага Спорт агенттигинин олимпиадалык спорт боюнча дирекциясы тарабынан 212 миң сом каралган. 

Айсулуу Тыныбекова Кыргызстандагы балбан кыздардын сап башында турат. Чоңдор арасында Азиянын үч жолку чемпиону. 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиадада бешинчи орунду алган. Ошондой эле, Азия оюндары жана Ислам тилектештиги оюндарында чемпиондукту багындырган. 2017-жылы Дүйнө чемпионатынан коло медаль тагынган. Тыныбекова КРдин эмгек сиңирген спортчусу, эл аралык класстагы спорт чебери. Даңк медалынын ээси.