Жаңылыктар
Акыркы 10 жылда эмгек мигранттар Кыргызстанга 19 млрд. доллар которгон
Мекендештер
Акыркы 10 жылда эмгек мигранттар Кыргызстанга 19 млрд. доллар которгон

Акыркы он жылда Кыргызстанга эмгек мигранттары жана мекендештер тарабынан 19 млрд. АКШ долларынан ашык каражат жөнөтүлгөн. Бул тууралуу мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында өтүп жаткан чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланыш боюнча Кеңештин биринчи жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков билдирди. Анын айтуусунда, салыштырмалуу түрдө ошол эле он жылдык мезгилде жалпы өлкөнүн экспортунун көлөмү 18 млрд. АКШ долларын түзгөн.

Азыр ушу тапта  КР Президентине    караштуу чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланыш боюнча Кеңештин  отуруму   өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында  өтүп жатат.   Анда миграциялык саясаттын Концепциясы, «Мекен-карт» демилгеси жана мекендештердин өлкөбүздү өнүктүрүүгө инвестициялоосу жана катышуусу үчүн экономикалык, финансылык инструменттерди түзүүгө багытталган «Мекеним» программасынын долбоору талкууланууда.