Жаңылыктар
Биргелешкен көзөмөлдөө тобунун 40-сессиясы өз ишин аяктады
Саясат
Биргелешкен көзөмөлдөө тобунун 40-сессиясы өз ишин аяктады

Чолпон-Ата шаарында төрт күнгө созулган Биргелешкен көзөмөлдөө тобунун 40-сессиясы өз ишин аяктады. 1999-жылы түзүлгөн Биргелешкен көзөмөлдөө тобунун иши достукту жана өз ара ишенимди бекемдөөдө, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоодо позитивдүү ролду ойнойт. 

Ошондой эле кызматташыкка жана мүчө-өлкөлөрүнүн географиялык чегинде өнүгүүгө көмөк көрсөтөт. 40-сессияга Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан Республикалары, Россия Федерациясынын жана Кытай Эл Республикасынын өкүлдөрү катышты. Сессия өз ара түшүнүшүү жана ынак коңшулук демде өттү. Уюмдун регламентине ылайык, 2019-жылда төрагалык кылуу Кыргыз Республикасына өткөн.