Кечээ Казакстандын Нур-Султан шаарында Россия, Иран жана Түркия өкүлдөрүнүн катышуусунда Сириядагы абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы башталды. Эки күнгө созула турган сүйлөшүүлөрдүн бул айлампасында Сириянын Идлиб провинциясынын түндүк-батышындагы жана өлкөнүн түндүк-чыгышындагы кырдаал, ошондой эле Сириянын конституциялык комитетин түзүү негизги маселе катары каралат.
Москва, Тегеран жана Анкара Сирия жаңжалында ар кайсы көз караштагы күчтөрдү колдошот. Бирок үч мамлекет тең 370 миңден ашык адамдын өмүрүн алган жана миллиондогон кишини жер которууга аргасыз кылган Сирия согушун толук токтотууга кызыкдар экендигин билдирип келишет. Иран менен Россия 2011-жылы мартта башталган Сириядагы согушта Асаддын күчтөрүнө олуттуу аскердик жардам көрсөтүп келишет.