Жаңылыктар
Мекендештерди колдоо үчүн 153 ар түрдүү фонддор түзүлгөн
Мекендештер
 Мекендештерди колдоо үчүн 153 ар түрдүү фонддор түзүлгөн

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча республикада эмгек мигранттары жана мекендештердин колдоосунда 153 ар түрдүү фонддор — өнүктүрүү фонду, кайрымдуулук фонду жана башка ушул сыяктуу фонддору түзүлгөн. Бул тууралуу "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланыш боюнча Кеңештин биринчи жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Өлкө башчынын белгилешинче, аларда 2 миллиардга жакын сом топтолгон. Фонддорду натыйжалуу иштетүү үчүн мекендештер менен түз жана тыгыз байланышта болуу зарыл. 

Бүгүн, 2-августта,   КР Президентине    караштуу чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланыш боюнча Кеңештин  отуруму   өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында  өтүп жатат.