Жаңылыктар
Кара-Суу шаарында бут кийим тигүүчү ишкана ачылды
Экономика
Кара-Суу шаарында бут кийим тигүүчү ишкана ачылды

Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында, Кара-Суу шаарында кыргыз-кытай биргелешкен ишкана ачылды. Мында, чоңдор менен балдар үчүн бут кийимдин 15 түрү тигилет. Суткасына 800 жуп чокой даярдалат. Жасалган өндүрүм Орусия, Казакстан жана Өзбекстан мамлекеттерине экспорттолот. 

Цех, товарды тапшырык берген кардардын табитине жараша даярдап берет. Ишканада 70 жаңы жумуш оруну түзүлгөн. Мунун теңи жергиликтүү элден. Келечекте, ишкана жумушчулардын санын 300гө чейин жеткирүүнү мерчемдөөдө. Бул үчүн кошумча дагы 4 багыт ишке кирмекчи.

"Алдыда дагы төрт линияны ишке киргизүү планы бар. Мисалы азыр 1 линияда 70 жумушчу иштеп жатса, 2 линияда дагы ушунча иш оруну пайда болот. 3 линия да кошумча иш орундары кошулат",- деп билдирди ишкананын директорунун орун басары Акжолбек Абдибаитов.