Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата Жалал-Абад облусунун эң алыскы, шарты катаал аймагында "Бирдиктуу терезе" долбоору ишке ашты. Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен бир катар социалдык объектилер курулуп жатат.
Чек арада жайгашкан Айры-Там, Жаны-Шаар, Ажек жана Совет-Сай айылдарынын тургундарына таза суу жетти. 4 чакырымга жаныдан таза суу кууру тартылды. Муну менен аймактагы калктын ичуучу таза сууга болгон муктаждыгы 80 пайызга камсыздалды.
1-май айыл окмотунун Ажек айылына алгачкы ирет маданият уйу туптолду. Курулушка сарпталган 12,5 миллион сомдун 750мини аталган фонддон болунсо, калганы АРИСтин «Айылды инвестициялоо-3 » долбоорунун алкагында каржыланган. 220 коруучуго ылайыкташкан имарат 2 кабаттан турат. Биринчи кабатында концерттик зал жайгашкан.
Жанылануудан медицина тармагы да коз жаздымында калган жок. Эл коп кайрылган аймактык оорукананын операциялык блогу капиталдык ондоодон отуп, жаны медициналык жабдуулар менен камсыздалды.