Жаңылыктар
Өкмөт башчы жаңы 2 агенттикти түзүү жөнүндө токтомго кол койду
Саясат
Өкмөт башчы жаңы 2 агенттикти түзүү жөнүндө токтомго кол койду

Өкмөт башчы жер жана суу ресурстары боюнча мамлекеттик эки агенттикти түзүү жөнүндө токтомго кол койду. 

Адистердин айтымында Жер саясатын ишке ашыруу боюнча бирдиктүү орган мурда жоюлуп кеткен. Кайрадан аны түзүү маселеси көптөн бери созулуп келген. 

1-августта чыккан токтомдун чоң мааниси бар. Себеби жер маселелерин буга чейин 4 министрлик карап келген. Эми токтомдун негизинде үч министрлик биригип, бирдиктүү жер саясатын ишке ашыруу жумуштарын аткарышат.

Ал эми, Суу ресурстары агенттигине мамлекеттик суу саясатын ишке ашыруу, башкаруу иш-чараларын координациялоо, суу ресурстарын колдонуу жана коргоо, аларга мониторинг жүргүзүү милдеттери жүктөлөт. 

“Жер-суу маселеси дүйнө жүзүндө, ошондой эле Кыргызстанда орчундуу. Суу кодекси боюнча бирдиктүү орган бар. Алар иштей турган нормалар бар. 2023-жылы бардык айылдарда таза суу менен камсыз болот. Жана 2023-жылга 31 объект бүтүш керек. Бюджеттин тартыштыгына байланыштуу партнерлордун жардамы менен объекттер бүтүп жатат", - Өкмөттүн Аппаратынын Агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы Алмаз Жээналиев.

Суу ресурстары агенттиктин курамына таза суу департаменти, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлгөн айыл аймактардагы мелиоративдик абалын жакшыртуу департаменти кошулуп жатат. Негизги максаттардын бири - 2 чоң программаны ишке ашыруу. Таза суу багытындагы 2026-жылга чейинки стратегиялык багыт жана 2017-2020-жылдар аралыгындагы ирригациялык өнүктүрүү программасын ишке ашыруу. 

2000-жылдары жаңы система түзүлүп жатканда жерге жайгаштыруу, мамлекеттик каттоо, картография боюнча чоң кадамдар жасалган. Дүйнөлук банктын 2 проектисинин негизинде бирдиктүү тутум түзүлгөн. 

"2009-жылдан баштап органдар министрликтерге бөлүнуп кеткенде бирдиктүү маалыматтын баары ар кайсы органдарга кеткен. Азыр кодастр департаменти дагы башка эл аралык проекттер менен алдыга жылып, дүйнөдө 183 өлкөнүн ичинен 8-орунга чыгып жатат", - деп билдирди Мамлекеттик картография-геодезиялык кызматынын директору Нарынбек Исабеков.

Аталган мамлекеттик агенттиктерди түзүү республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбайт.