Жаңылыктар
Турдакун Усубалиев тууралуу толук метраждуу даректүү тасма тартылууда
Маданият
Турдакун Усубалиев тууралуу толук метраждуу даректүү тасма тартылууда

Кыргыз Республикасынын Баатыры, мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев тууралуу толук метраждуу даректүү тасма тартылууда. Эки күндөн бери анын ишмердүүлүгүнө күбө болгон белгилүү адамдардын пикирлерине орун берилүүдө.

Ишмер бул же тигил объектти эмес, бүтүндөй Кыргызстанды курган улуу инсандардын бири.

Даректүү тасманын режиссеру Кыргыз Республикасынын Эл артисти Молдосейит Мамбетакунов тартуу иштери эми аймактарда уланарын айтты. Алгач чыгармачыл топ аксакалдын балалык чагы өткөн Нарын облусунун Кочкор районуна сапар алат. 

Тасма толук тартылып бүткөндөн кийин монтаждоо иштери башталат. Ал эми анын бет ачары ноябрь айынын башына туура келээри болжолдонууда. 

Эске салсак, быйыл Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиев 100 жашка чыкмак. Президенттин жарлыгына ылайык Усубалиевдин 100 жылдык мааракеси белгиленет.