Жаңылыктар
Казахстанда унаа кырсыктан 5 кыргызстандык жаран каза тапты
Кырсык
Казахстанда унаа кырсыктан 5 кыргызстандык жаран каза тапты

 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандын Кызылордо облусунда жол кырсыгынан каза тапкан кыргызстандыктардын туугандарына жана жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы маалымдады. 

Өкмөт башчы өлкөнүн Ички иштер министрлиги менен Саламаттык сактоо министрлиги жол кырсыгында каза болгондордун сөөгүн жана жабыркагандарды мекенине алып келүү боюнча тийиштүү тапшырма берди. 

Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу берген маалымат боюнча 1-августта Казакстандын Кызылордо облусунун Кармакшин районундагы Батыш Кытай – Батыш Европа жолунда “Тойота-Естима” маркасындагы унаа менен “Мерседес Бенц” жүк ташуучу унаасы кагышкан. Жол кырсыгынан кыргызстандык беш жаран каза таап, дагы үчөө жаракат алып, ооруканага түшкөн. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды.