Жаңылыктар
Өкмөт башчы аткезчиликке каршы чараларды күчөтүүнү тапшырды
Коррупция
 Өкмөт башчы аткезчиликке каршы чараларды күчөтүүнү тапшырды

 Өкмөт башчы товарларды, анын ичинде күйүүчү-майлоочу материалдарды өлкө аймагына мыйзамсыз ташуу маселеси боюнча кеңешме өткөрүп, салык төлөөдөн баш тартууга каршы чараларды күчөтүү керектигин талап кылды. Өкмөт башчы белгилегендей, начар башкаруу жана салык органдарынын ишин көзөмөлдөө көйгөйлөрү, ошондой эле салык төлөөдөн баш тартууга каршы активдүү чаралардын жоктугу бюджеттин киреше бөлүгүндөгү айрым бир маселелерге алып келет.

Өкмөт башчы бул жааттагы иштерди жеке көзөмөлгө алууну тапшырып, бардык тескөөчү жетекчилерге жеке жоопкерчилиги тууралуу эскертти.