Жаңылыктар
Кыргызстан-Венгрия кызматташтыгы
Экономика
Кыргызстан-Венгрия кызматташтыгы

Президент Алмазбек Атамбаев Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто менен жолугушту. Анда Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык чөйрөлөрдөгү кызматташтыктын маселелери талкууланды. 

Мамлекет башчысы Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министринин Кыргызстанга келген алгачкы сапары эки тараптуу байланыштардын өнүгүшүнө жаңы дем берип, эки өлкөнүн элдеринин тарыхый жакындыгын эске алуу менен ар кайсы тармактардагы эки тараптуу кызматташтыкты жөнгө салууга көмөктөшөрүнө ишеним билдирди. 

Президент Алмазбек Атамбаев менен Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто, эки тараптуу кыргыз-венгер кызматташтыгын чамдатуунун маанисин баса белгилешти. Учурдан пайдаланып, министр Петер Сийярто Венгриянын өкүлдөрү быйыл сентябрь айында Кыргызстанда өтө турган II Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышаарын билдирди.