Жаңылыктар
Муфтий Меккеге барып ажылыктын жүрүшү менен таанышты
Дин
Муфтий Меккеге барып ажылыктын жүрүшү менен таанышты

Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Мекке шаарындагы ажылыкты уюштуруу штабынын мүчөлөрү менен жолугушуп, иштин жүрүшү боюнча жеринде таанышты. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди. Муфтий ажылар үчүн кызмат кылуу жоопкерчиликтүү иш экендигин айтып, быйылкы ажылык иште Сауд Арабиянын Ажылык министрлиги койгон талаптардын бардыгы аткарылууга тийиш экендигин айтты. 

Ошондой эле, ал ажыларга коопсуздук, санитардык маселелер тууралуу, орун которуштуруу, жолдо жүрүү эрежелерин жакшылап түшүндүрүү, өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча атайын түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүп туруу зарылдыгын кошумчалады. Эске салсак, кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 16-июлдан 17-июлга караган түнү Бишкек — Медина багыты боюнча учуп кеткен. Жалпысынан Бишкек менен Оштон 18 каттам уюштурулган. Сауд Арабия быйыл Кыргызстанга 6 миң 10 квота бөлгөн.