Жаңылыктар
Салык кызматы салыктарды чогултуу планын ашыгы менен аткарды
Экономика
Салык кызматы салыктарды чогултуу планын ашыгы менен аткарды

Салык кызматы июль айында салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча планды ашыгы менен аткарды. Бул туурасында аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, Салык кызматы июль айында 6 миллиард 747 миллион сом салык жана төлөмдөрдү чогултуп, белгиленген план 102,2 пайызга аткарылган. 

Муну менен 2018-жылдын июль айына салыштырмалуу салыктардын түшүшү 754,4 миллион сомго өскөнү белгиленет. Ал эми жыйналган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы суммасы 2 миллиард 512 миллион сомду түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 266 миллион сомго көп экени айтылат.

Ошол эле учурда, 6 айдын жыйынтыгы боюнча толугу менен чогултулбай калган салыктардын жана камсыздандыруу төгүмдөрдүн суммасы июль айындагы планды ашыгы менен аткаруунун эсебинен салык боюнча 147 миллион сомго жана социалдык төгүмдөр боюнча 79 миллион сомго кыскарган.