Жаңылыктар
Шаардагы автобус жана троллейбустардагы жол кире электрондук түрдө төлөнөт
Кыргызстан жаңылыктары
Шаардагы автобус жана троллейбустардагы жол кире электрондук түрдө төлөнөт

2020-жылдын 1-январынан тартып шаардагы автобус жана троллейбустардагы жол кире электрондук түрдө төлөнөт. Электрондук билет тутумун киргизүүдөн кийин муниципалдык транспорт жүргүнчүлөрдүн санынын эсеби жана билети жок жүргүнчүлөр менен күрөшөт, - деп билдирди "BPC AG" (Би Пи Си Эй Жи) компаниясынын башчысы Арсен Кондахчан. 

Ушул жылдын 29-апрелинде шаардык мэрия жана швейцариялык компаниянын ортосунда муниципалдык транспортто электрондук билетти киргизүү боюнча келишимге кол коюлган. Күзүндө сынак иретинде киргизилип, 1-январдан тарта жол кире акысы электрондук түрдө болот. 

Арсен Кондахчандын айтымында, төлөбөй качып кеткен адамдар бардык дүйнө жүзүндө кездешет, бирок компания бул маселени кантип чечүүнү билет. Видео камералар менен жабдылган коомдук унааларга кирип-чыккан жүргүнчүлөрдүн санын эсептөөчү аппарат коюлат. Бул иш-чаралар билети жок жүргүнчүлөрдү көзөмөлдөйт.