Жаңылыктар
УКМК: Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку башчысы А.Шаикова издөөдө
Кылмыш
УКМК: Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку башчысы А.Шаикова издөөдө

КР Өкмөтүнө караштуу МКК, “Инфоком” Мамлекеттик ишканасынын, Каржы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн кызматкерлерине жана башка адамдарга карата жаңы үлгүдөгү паспортторду даярдоодо коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш-ишин тергөөдө. Айтылган кылмыш-иштин фигуранттарынын бири болгон КР Өкмөтүнө караштуу МКК мурунку башчысы А.Шаикова суракка жана башка тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн жиберилген чакырууга келген эмес.

Буга байланыштуу Башы Прокуратура А.Шаиковага карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (Коррупция) боюнча кылмышка шектүү деген билдирмесин жөнөтүп, КР Жазык-процесстик кодексинин 239-беренесине ылайык А.Шаиковага издөө жарыяланып, аны ишке ашыруу УКМКнын ыкчам бөлүмүнө тапшырылды.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.