Жаңылыктар
Дордой-1 конушунан чыккан өрттөн адам өмүрүнө зыян келтирилген жок
Кырсык
Дордой-1 конушунан чыккан өрттөн адам өмүрүнө зыян келтирилген жок

Кечээ, 4-август күнү саат 19:44дө Дордой-1 калктуу конушунун 9-көчөсүндө жайгашкан үй-тиричилик техникалары сакталган кампадан өрт чыккан. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес. Өрттүн кесепетинен болжол менен жалпы аянты 1700 чарчы метрди түзгөн темирден курулган кампа толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ­Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. 

Өрттү өчүрүүгө ­ӨКМ тарабынан жалпы 6 бөлүм тартылган. Мындан сырткары, Тазалык муниципалдык ишканасынан 5 суу ташуучу унаа, тез жардам кызматынан 1 бригада, РЭТ мекемесинен 1 бригада, ИИМден 40 кызматкер тартылган.