Жаңылыктар
"Күмүш ак боз ат" эл аралык кинофестивалына Кыргызстандан төрт тасма катышат
Маданият
 "Күмүш ак боз ат" эл аралык кинофестивалына Кыргызстандан төрт тасма катышат

 Башкыртстандын борбору Уфа шаарында төртүнчү ирет өтө турган "Күмүш ак боз ат" эл аралык кинофестивалына Кыргызстандын атынан төрт тасма катышат. Бул тууралуу кинематографияны колдоо фондусу билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара үстүбүздөгү жылдын 24-27-август күндөрү өтөт. Ага Россиянын аймактары, КМШ мамлекеттери жана алыскы чет өлкөлөрдүн тасмалары катышат. 

Маалым болгондой Кыргызстандан Бекзат Пирматовдун "Аврора", Айбек Дайырбековдун "Дарак ыры", Азамат Шаршеевдин "Жашоо керемет" жана Абыдылла Ажибаевдин элеттик мугалими тууралуу тартылган фильмдери сынга коюлат. Быйыл фестивалга улуттук жана этникалык кино секциясынан тышкары социалдык жана мотивациялык фильмдердин сынагы кошулган.