Жаңылыктар
Айсулуу Тыныбекова Польшадагы турнирде финалдык мелдешке чыга албай калды
Спорт
Айсулуу Тыныбекова  Польшадагы турнирде финалдык мелдешке чыга албай калды

Ушул күндөрү Польшада өтүп жаткан "Poland Open 2019" эл аралык күрөш турниринде, кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова финалдык мелдешке чыга албай калды.

Кыргызстандын күрөш федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев Айсулуу Тыныбекованын жаракаты жеңил экенин, бирок спортчунун ден соолугуна кам көрүү үчүн финалдык сынактан баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынганын маалымдады. 

Кыргызстандык балбан 3-августта 62 кг салмакта күч сынашып, Швеция, Украина, Орусиядан келген атаандаштарын бардыгын утуп, финалга жолдомо алган. Бирок жарым финалдык таймашта тизесинен жаракат алган. Жыйынтыгында Айсулуу Тыныбекова күмүш медалдын ээси бойдон калат.