Жаңылыктар
Айсулуу Тыныбекова Poland Open эл аралык мелдеште күмүш медальга ээ болду
Спорт
Айсулуу Тыныбекова Poland Open эл аралык мелдеште күмүш медальга ээ болду

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Poland Open аялдар күрөшү боюнча эл аралык мелдеште күмүш медальга ээ болду.   

Иш-чара 2-4-август  күндөрү  Варшавада  өтүп,  62 килограмм салмак ченинде 20 спортчу ат салышкан.  Алардын катарында Айсулуу Тыныбекова дагы бар. Ал Швеция, Украина, Россиядан келген балбан айымдар менен беттешип финалга чыкты. 

Чечүүчү беттеште Тунистен келген спортчу менен ат салышмак, бирок беттешке чыгуудан баш тартты.  

Спорттук күрөш федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев  билдиргендей,  Айсулуу бутунун булчуңун кичине чойдуруп алгандыктан,  алган жаракатын дагы ырбатып жибербесин деп башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков аны финалга чыгарган эмес.