Жаңылыктар
Өрт чыккан Дордойдогу кампа өзгөчө көзөмөлгө алынды
Кырсык
Өрт чыккан Дордойдогу кампа өзгөчө көзөмөлгө алынды

Дордой-1 конушундагы тиричилик техникасы сакталган кампадан өрт  чыккан  жер өзгөчө көзөмөлгө  алынды. Бул тууралуу  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен “Биринчи радиого”  маалымдашты. 

Белгилей кетсек, кырсык  4-августта кечки саат 19.45те  орун алган.  Алдын ала алынган маалыматка ылайык, болжол менен 1,5 миң чарчы метр аянт жер күйгөн. Өрт эмнеден чыкканы азырынча белгисиз.  

Кырсык орун алган жерде “Тез жардам” кызматынын бир бригадасы иштеп, айрым жарандарга медициналык чукул жардамдар  көрсөтүлгөн.