Жаңылыктар
Чернобыль алааматы эскерилди
Кыргызстан жаңылыктары
Чернобыль алааматы эскерилди

Чернобыль атомдук электр станциясындагы жарылууга 30 жыл толду. Буга байланыштуу, Бишкектеги Фучик гүлбагында Чернобыль алааматынын кесепетинен каза болгондорду эскерүү иш-чарасы өттү. 

1986-жылдын 26-апрелинде Украинанын Чернобыль атомдук электр станциясындагы жарылуунун кесепети калган башка советтик республикалары сыяктуу эле кыргызстандык миңдеген үй-бүлөлөргө да көз жаш алып келген. 

Чернобыль алааматын жоюу иштерине мурдагы Советтер Союздун курамындагы республикалардан жалпысынан миллионго жакын адам катышкан. Кыргызстандан 3 миңге чукул жаран катышса, бүгүнкү күндө алардын 1 жарым миңге жакыны калды. 

Алар нурлануу запкысынан улам түрдүү ооруларга чалдыгып, 90 пайызынын мүмкүнчүлүгү чектелген. 2001-жылы Бишкектеги Фучик гүлбагында Чернобыль алааматынан каза тапкандарга эстелик коюлган. Ар бир жылдын 26-апрелинде коомчулук бул жерге Чернобылдан айыккыс дартка кабылып, каза тапкандарды эскерип, гүл коюшат.