Жаңылыктар
Тажикстанда учак кырсыгында учкуч каза болду
Дүйнө
Тажикстанда учак кырсыгында учкуч каза болду

Тажикстанда АН-2 учагы кырсыкка учурап, анын бир учкучу каза таап, экинчиси жаракат алды. Окуя 4-августта Фахрабад шаарындагы аэроклубда болгон.

Маалыматка ылайык, учак конууга камынып, жерден 10 метрдей бийиктикте келе жаткан кезде күтүүсүздөн эле кыймылдаткычы иштебей калган жана күүсү менен жерге кулап түшкөн.

Учактын пилоттору, 62 жаштагы Илхом Рахматов менен 20 жаштагы Бахтиёр Давлататов ооруканага жеткирилип, дарыгерлер Рахматовдун өмүрүн сактап кала алган жок.

Тажикстандын маалымат булактары жазгандай, самолёт кырсыкка сегиз адамды парашюттан секиртип, аэроклубга кайра конуп жаткан кезде болгон.

Ал эми аталган өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети окуяны иликтей баштады.