Жаңылыктар
Орусиялык альпинисттин сөөгү Чоң-Алайдагы Ленин тоосунан табылды
Кыргызстан жаңылыктары
Орусиялык альпинисттин сөөгү Чоң-Алайдагы Ленин тоосунан табылды

Куткаруучулар орусиялык альпинисттин сөөгүн Ош облусунун Чоң-Алай районундагы бийиктиги 6200 метрге жеткен Ленин тоосунан табышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Эске салсак, 27-июлда 45 жаштагы Орусиянын жараны Ленин атындагы чокуга чыккан. Ал беш миң метр бийиктиктен байланышка чыгып, андан бери дайынсыз эле. Буга чейин куткаруучулар 30-июлда 6300 метр бийиктиктен анын сумкасын табышкан.