Жаңылыктар
Кыргызстандын хоккейчилери Новосибирскден жеңиш менен кайтышты
Спорт
Кыргызстандын хоккейчилери Новосибирскден жеңиш менен кайтышты

Кыргызстандын кичинекей хоккейчилери Новосибирск шаарында өткөн мелдеште жеңишке жетти. Алар массалык маалымат каражаттары үчүн конференция өткөрүп, алыста өткөн оюндары тууралуу айтып берди. Эң алгачкы беттеште балдар утулуп калган, аны узак жолдо чарчап калгандары менен түшүндүрүштү. 

Эс алгандан кийин алар күчкө келип, мыкты оюн көрсөтүп, финалдык беттеште атаандаштарын 31-14 эсебинде артка калтырышкан. Кыргызстандын хоккей клубуна алтын медалдарды алып келген хоккейчилер 4 жаштан 7 жашка чейинки балдар. 

Машыктыруучусунун айтымында, бул жаштагы балдар менен иштөө жеңил, анткени алар оюнга абдан жоопкерчиликтүү карап, машыгууларды себепсиз калтырбайт.