Жаңылыктар
Тоң районундагы ички жолдордо оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт
Аймак
Тоң районундагы ички жолдордо оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт

Быйыл Тоң районунун бир нече айылдарындагы ички жолдордо оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Бул иштер айыл ичиндеги мурда асфальт төшөлүп, кийин ремонт иштерин талап кылган жол каттамдарында, жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлмөкчү. Адистердин пикиринде жол каттамдарын майда таш менен түздөп-оңдоо аркылуу анын иштөө мөөнөтүн бир нече жылга узартууга болот. Райондо орто оңдоп-түзөө иштеринен сырткары быйылкы жылы жалпы район боюнча беш чакырым жаңы жол салынат. Бул иштер жергиликтүү жол тейлөө мекемеси тарабынан жүргүзүлүп, жалпы иштин сексен пайызга жакыны аяктады.

"Биз азыр шыпоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Так айтсак майда таш менен тегиздөө. Технологиясы боюнча таш кум жуулуп, майланат. Андан кийин битумга аралашып, атайын техниканын жардамы менен төгүлөт. Техника болсо бүт компютерлештирилген, баарын өз өлчөмүндө жүргүзөт",- деди жол курулуш мекемесинин өкүлү Сабырбек Абдраимов.

"Айылдагы инфраструктураны оңдоого аракет болуп атат. Быйыл мына айылдагы кум шагыл жолдорду оңдоодон өткөргөндөн сыртары борбордук болуп эсептелген Ленин көчөсүндө орто оңдоп түзөө иштери жүрүүдө. Буга жергиликтүү бюджеттен бир миллион сом бөлүнгөн. Бул жолдун узундугу 1200 метрди түзөт",- деди Тоң районундагы Күн-Чыгыш айыл аймагынын башчысы Улан Турганбаев.