Жаңылыктар
Сырага акциздик марка киргизүү өндүрүштү соккуга алыш келиши мүмкүнбү?
Экономика
Сырага акциздик марка киргизүү өндүрүштү соккуга алыш келиши мүмкүнбү?

Эгер өкмөт сырага акциздик марка киргизсе ата-мекендик өндүрүш токтоп калышы мүмкүн. Бул тууралуу парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин өкүлдөрү калаадагы сыра чыгарган ири заводдордун биринде болуп, ишкананын өндүрүшү менен таанышкан учурунда билдиришти. 

Өкмөт буга чейин бардык алкоголдук ичимдиктерге бирдей мамиле кылуу максатында сыра азыктарына акциздик марка чаптоо шартын салык кодексине камтып, Жогорку Кеңешке сунуштаган. Бул аракет менен өкмөт көмүскө экономиканы ачыкка чыгарып, бюджетти толтуруу максатында мыйзам долбооруна түзөтүүлөрдү киргизген. 

Буга чейин да ири заводдордун биринде болгонун айткан эл өкүлдөрү, ишканаларда көзөмөл видео камералар орнотулганын жана көмүскө иштер жок экенине күбө болдук-дейт. 

Комитет төрагасы Нурлан Макеевдин пикиринде эгер өкмөт сырага акциздик марканы киргизсе сыра өндүрүшү катуу соккуга учурап, рынокту импорт ээлеп калышы мүмкүн. 

Ал эми завод өкүлдөрү акциздик марка чаптоо үчүн кошумча жабдууларды сатып алууга аргасыз болот. Кошумчалай кетсек завод былтыр 906 миң декалитр сыра өндүргөн.