Жаңылыктар
Ысык-Көлдө эс алуу учурунда 12 жаштагы бала каза тапты
Кырсык
Ысык-Көлдө эс алуу учурунда 12 жаштагы бала каза тапты

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, ал 5-августта Бостери айылындагы көл жээгинен «бананга» түшкөн. 

Катер катуу ылдамдыкта келе жатып чукул бурулганда «бананда» отурган бала ыргып кетип, катердин моторуна башы тийген. Чолпон-Ата аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген бала ошол жерден жан берген. 

Окуя боюнча Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекция иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Анын жыйынтыгы менен укук коргоо органдары чара көрөрүн облустук милициянын басма сөз кызматы кошумчалады.