Жаңылыктар
Бажы кызматынын жамаатына жаңы жетекчи тааныштырылды
Саясат
Бажы кызматынын жамаатына жаңы жетекчи тааныштырылды

Чынчыл жана компетенттүү бажы кызматкерлерин колдоо зарыл. Мындай пикирин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик бажы кызматынын жамаатына жаңы төрага – Алтынбек Торутаевди тааныштырып жатып билдирди. Өкмөт башчы чогулгандардын алдында сөз сүйлөп, жаңы жетекчиге ийгиликтүү жана жемиштүү иш каалады. Абылгазиев жаңы жетекчиге ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү берерин билдирип, бажы бекеттерин тартипке салууну тапшырды. 

«Көйгөйлөр топтолгон жерлерде активдүү иштерди жүргүзүү маанилүү болуп саналат. Өлкө экономикасы үчүн өз ишинин маанилүүлүгүн түшүнүүгө умтулган, чынчыл жана компетенттүү кызматкерлерди колдош керек». Өкмөт башчы бажы тутумун фискалдаштыруу, бажы инфратүзүмүн өнүктүрүү керектигин билдирди. Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Алмаз Оңолбеков берген арызына байланыштуу 5-августта кызматтан кеткен. Анын ордуна ошол эле күнү Алтынбек Торутаев дайындалган.