Жаңылыктар
Сузак районундагы көпүрө көйгөйү качан чечилет?
Аймак
Сузак районундагы көпүрө көйгөйү качан чечилет?

Сузак районунда Атабеков, Сузак Кара-Дарыя жана Барпы айыл өкмөтүн бири-бири менен байланыштырып турган көпүрө урап түшүп, каттам жагынан эл кыйналып жатат. Көпүрө 2016-жылы жарактан чыккан. Жергиликтүү элдин айтымында, көбүнчө түшүм жыйноо учурунда кыйынчылык жаралат. Анткени, көпүрө аркылуу дыйканчылык талаага каттап турушчу. Урап түшкөндөн бери айланма жол менен катташууда. Жаңы көпүрө куруп берүү талабы боюнча тийиштүү жактарга кайрылуу болуп келген. Бирок эч жыйынтык жок дешет.

“Бул көпүрө Сузактын 3-4 айыл өкмөтүн бириктирип турчу. Урап түшкөндөн бери эл кыйналып кетти. Айланма жол менен каттайбыз. Бул аймакта дыйканчылык жерлери көп. Көпүрө өтө керек болуп турат. Чечип беришсе жакшы болмок”,- дейт Сузак айыл өкмөтүнүн тургуну Арстан Маматов.