Жаңылыктар
Ысык-Көлдө биргелешкен көзөмөлдөө тобунун 40-сессиясы өтүүдө
Саясат
Ысык-Көлдө биргелешкен көзөмөлдөө тобунун 40-сессиясы өтүүдө

Ысык-Көл облусунда биргелешкен көзөмөлдөө тобунун 40-сессиясы өткөрүлүүдө. Уюмдун регламентине ылайык, 2019-жылында төрагалык кылуу Кыргыз Республикасына өткөн. Биргелешкен көзөмөлдөө тобунун иши достукту жана өз ара ишенимди бекемдөөдө, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоодо позитивдүү ролду ойнойт. 

Ошондой эле кызматташыкка жана мүчө-өлкөлөрүнүн географиялык чегинде өнүгүүгө көмөк көрсөтөт. Бул иш-чарада мүчө-мамлекеттеринин делегациялары жогоруда аталган документтердин аткарылыш маселелерин, 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы жыйынтык иштерин карап чыгышат. 

Белгилей кетсек биргелешкен көзөмөлдөө тобу (БКТ) «1996-жылдын 26-апрелиндеги чек ара аймактарында аскер жаатындагы ишенимди бекемдөө» жана 1997-жылдын 24-апрелиндеги "Чек ара районунда куралдуу күчтөрдү өз ара кыскартуу тууралуу» макулдашууларга ылайык Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан Республикалары, Россия Федерациясынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосунда 1999-жылы түзүлгөн. Ушул жылы өзүнүн 20 жылдыгын белгилеп жатат.

"Биздин кызматташтык учурунда ири курал жарактарыбызды чек арадан ары жүз чакырым алыс жылдырууга жетиштик. Биз муну менен башка өлкөлөргө ортобуздагы кызматташуу чоң ишеним менен, тынчтыкта жүргүзүлүп жатканын көрсөтө алдык. Биз кызматташ өлкөлөр азыр бири бирибизге толук ишенебиз. Албетте мунун баары оңой келген жок, мунун артында эң оор жана түйшүктүү биргелешкен аракет турду. Биз жылына эки жолудан кезигип, сессияларды өткөрүү менен ортодогу келип чыккан маселелерди, көйгөйлөрдү ортого салып чечип алып жаттык. Биздин дагы бир багытыбыз бул инспекциялык жумуштарды жүргүзүү, азыр мына Ошто Кыргыз-Кытай чек арасында инспекциялык жумуштар жүрүүдө. Бул жумуштар кезеги менен айрым чек ара тилкелеринде эки тарапта тең жүргүзүлөт",- деди  ШКУнун катчылыгынын алдындагы Казакстандын туруктуу өкүлү Эрик Ашымов. 

"Буга чейинки Москва жана Шанхай макулдашууларына ылайык Россиянын алыскы чыгыш чек араларынан Памир тоолоруна чейин жыйырма жылдан бери туруктуулук, бири бирибизге болгон ишеним жана тынчтык өкүм сүрүп келүүдө. Эми жалпылап айтсак бүгүнкү жолугушуу, бул эксперттердин бири бири менен пикир алмашуусу, көйгөйлөрдүн ортого салынышы болуп эсептелет. Эң башкысы дипломаттардын жолугушуусу. Элде мурда айтылгандай дипломаттар сүйлөшүп жатканда куралдуу күчтөр токтоп турат",- деп билдирди ТИМдин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси - министрдин кеңешчиси Батыркан Сыргабаев. 

"Биз азыр мурдатан келип чыккан маселелерди ортого салып сүйлөшүп алдык. Албетте жыйырма жылдык кызматташууда бир топ жетишкендик болду. Бир катар маселелерди чечүү кыйын болуп келди. Эң башкысы биз чек араларда тынчтыкка, пикир келишүүгө жана чыныгы кызматашууга жетиштик. Биз азыр көп кыйынчылыктарды артка калтырдык. Бирок алдыда көп нерсени жасашыбыз керек. Мен бул кызматташтыкка ийгилик гана каалайт элем",- деди  Кытайдын ТИМинин мамлекеттик чек ара жана деңиз иштери боюнча департаментинин кеңешчиси Сунь Лушань.