Жаңылыктар
“London Cup 2019”: Кыргызстандын гимнастчылары 20 медалга ээ болушту
Спорт
“London Cup 2019”: Кыргызстандын гимнастчылары 20 медалга ээ болушту

Англияда болуп өткөн “London Cup 2019” эл аралык турнирде көркөм гимнастика боюнча Кыргызстандын өспүрүм гимнастчылары баш аягы 20 медалга ээ болушту. Аталган турнирге Орусия, Украина, Германия, Австрия, Болгария, Казакстан, Кыргызстан, Англия жана башка өлкөлөрдүн 300дөн ашык спортчулары катышкан.

Сауле Тлебалдинова машыктырган Кыргызстандын сегиз спортчусу тогуз алтын, алты күмүш жана үч коло медаль тагынышты.