Жаңылыктар
Ош облусу 79% таза суу менен камсыз болду
Аймак
Ош облусу 79% таза суу менен камсыз болду

 

Өткөн жылы Ош облусу боюнча, калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо иши 48 объектиде жүргөн. Мунун 10у мамлекеттик бюджеттен каржыланган. Быйыл дубанда бул багытта 15 обьектиде иш жүрүүдө. 

Өткөн жылдагы аймактарды өнүктүрүү жылында калкты таза суу менен камсыздоо Ош облусу боюнча 3 пайызга өскөн. 8 обьекти пайдаланууга берилген. Быйыл жыл соңуна чейин 15ти берүү мерчемделүүдө.
Быйылкы жылга облустун калкынын 79 пайызы таза суу менен камсыз болду. Ал эми облуста жалпы: 493 калктуу конуш же, 1млн. 281 миңдей эл бар.