Жаңылыктар
Ири алдамчылар жазасын алды
Коррупция
Ири алдамчылар жазасын алды

 Кошумча нарк салыгынын ордун толтуруу иши боюнча айыпталгандар 3 жылдан 14 жылга чейин эркинен ажыратылды. Мындай өкүмдү Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмил Каипов угузду. 

Эске салсак, 2018-жылдын март айынын аягында Башкы прокуратура жана Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы биргеликте бюджеттин акчасын өөнөп, уурдап калган ири коррупциялык схеманы ачыктап, кылмыш иши козголгон. Жалпысынан 13 адам сотко тартылган. Алардын арасында салык жана бажы кызматтарынын жогорку кызматтагы чиновниктери да бар.