Жаңылыктар
Кыргызстанга Москвадагы мамлекеттик университеттин филиалын ачуу пландалууда
Билим
Кыргызстанга  Москвадагы  мамлекеттик университеттин филиалын ачуу пландалууда

2020-жылы Кыргызстанда М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалын ачуу пландалып жатат. Бул туурасында аталган университеттин ректору Виктор Садовничий 6-августта, "Спутник" маалымат агенттигине берген видео-маалымат жыйынында бышыктады. 

Болжолдуу маалымат боюнча окуу жайдын филиалы Ош шаарында ачылышы мүмкүн. Биринчи жылы университетте математика, тоо-кен жана орус тили тармактары боюнча билим берүү пландалууда. 

Буга чейин Москва мамлекеттик университетинин жетекчилери менен Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева “жол картасын” түзүү маселесин талкуулаган. 

Аталган окуу жайдын ректору Виктор Садовничийдин айтымында, филиал толук түрдө МГУнун билим берүү планы жана программасы менен иш алып барат. Окуу жайды аяктаган студентке Москва мамлекеттик университетинин диплому берилет.