Жаңылыктар
Президент пенсиялык фонддор тууралуу мыйзамга кол койду
Экономика
Президент пенсиялык фонддор тууралуу мыйзамга кол койду

Президент  Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына да кол койду.

Мыйзам 2019-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты топтолмо пенсиялык фонддор чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү жолу менен топтолмо пенсиялык фонддордун рыногун өнүктүрүү болуп саналат. Мыйзамда  Акционердик коом түрүндөгү жаңы топтолмо пенсиялык фонддорду түзүү; Кыргыз Республикасында ачык,  корпоративдик   жана  кесиптик  пенсиялык  фондорду киргизүү  каралган.

 Топтолгон пенсиялык каражаттарды түзүүнүн жана инвестиция кылуунун эсебинен жарандарды пенсия менен камсыз кылууну жакшыртуу максатында анын майнаптуулугун жогорулатуу топтомо пенсиялык системанын институтун түзүүнүн негизги принциби болуп саналат.