Жаңылыктар
Бишкек ЖЭБ боюнча Каныбек Иманалиевдин көрсөтмөсү
Коррупция
Бишкек ЖЭБ боюнча Каныбек Иманалиевдин көрсөтмөсү

Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборун оңдоп-түзөө процессине башынан аягына чейин катышкан ошол кездеги өлкөнүн Президенттик аппараттын бөлүм башчысы Сапар Исаков болгон. Мындай пикирин бүгүн сотто күбө катары сүйлөп жатып Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев билдирди.

«Бул күнөө коюу эмес, менин субъективдүү оюм» деди Иманалиев. Депутат буга чейин тергөөдө берген көрсөтмөлөрүн тастыктарын, президенттик аппараттан ЖЭБ келишимин кароо боюнча буйрук түшпөгөнүн, басым эмес, сураныч болгонун, аны аткаруу милдети өкмөткө жүктөлгөнүн билдирди. 

Ошондой эле Иманалиев ЖЭБди жаңылоо туура чечим болгонун, кептин баары суммасында экенин, реалдуу чыгымдары анча акча болбошу керектигин кошумчалады. Исаковдун адвокаты Замир Жоошевдин «ТВЕАнын өкүлү менен таанышсызбы?» деген суроосуна Иманалиев «Жок» деп жооп берди.

Бирок Жоошев ТВЕАнын өкүлү Мусажан Макелек уулу 2015-жылы Иманалиев менен жолукканы тууралуу тергөөнүн материалын көрсөттү. Иманалиев андай кишини тааныбай турганын айтты. ЖЭБди модернизациялоого байланыштуу козголгон иш Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралып жатат. Жогорку кызматтагы эң көп адам камакка алынып, 386 миллион долларлык ири насыянын айланасындаги кылмыш иши тергелүүдө. 

Кармалгандар арасында мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов бар. 

Мурдагы Финансы министри Ольга Лаврова үй камагында. Аларга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген беренелер менен айып коюлган. Сегиз айыпталуучунун баш-аягы 20га жакын жактоочусу бар. Мамлекеттик айыптоочу тараптан алты прокурор иштеп атат. Кылмыш иши быйыл 18-февралдан тарта сотто карала баштаган.