Жаңылыктар
Казакстанда инфляция 13 пайыздан ашты
Экономика
Казакстанда инфляция 13 пайыздан ашты

Экономика министрлигинин алдындагы Улуттук статистика комитети маалымдагандай, Казакстанда 2015-жылы инфляция 13,6 пайыз болду. 

Былтыр азык-түлүктөргө болгон баа 10,9 пайызга, башка буюмдарга – 22,6 пайызга, төлөмдөр – 8,1 пайызга өскөн. 2015-жылдын башында бийлик инфляция 6-8 пайыздан ашпайт деп божомолдогон эле . Биринчи жарым жылдыкта инфляция 1,4 пайызды түзгөн. Бирок августта Казакстан теңгени эркин кое бергенден кийин, анын көрсөткүчтөрү өсө баштаган.

Ноябрда Казакстан Улуттук банкынын башчысы Данияр Акишев Астанадагы өкмөттүн жыйынында 2015-жылдын жыйынтыгы менен инфляция божомолдогон көрсөткүчтөрдөн өйдө болгонун маалымдаган. 2014-жылы инфляция 7,4 пайызды түзгөн болчу.